Бугу 16, 2024
Убакыт: 03:16
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

"Чакан ГЭС" боюнча капиталдык оңдоо иштери 100% аткарылды

07.09.2023 15:57
322
"Чакан ГЭС" боюнча капиталдык оңдоо иштери 100% аткарылды


"Чакан ГЭС" ААК боюнча капиталдык оңдоо иштери 100% аткарылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Чакан ГЭС" ААК келе жаткан күз-кыш мезгилине кызуу даярдык көрүүдө. Анын алкагында бардык гидроэлектростанцияларында, тактап айтканда бардык 19 гидроагрегаттарында утурумдук оңдоо иштери жүргүзүлдү.

"Бирок, мерчемделген иштерге ылайык бир гидроагрегатка жыл ичинде экиден кем эмес утурумдук ондоо иштери жүргүзүлүшү керек. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 24 утурумдук оңдоо иштери аткарылып, быйылкы жылдын аягына чейин дагы 14 утурумдук иштери жүргүзүлөт. Ал эми капиталдык оңдоо иштери 100% аткарылды: мерчемделген үч гидроагрегаттын бардыгы капиталдык ондоо иштериненн өттү", - деп айтылат маалыматта.

Быстровска ГЭСинин кызматкерлери да күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнү улантууда. Адистер 110 кВ "Быстровска" ГЭСинин көмөкчордонунда 110 кВ "Шабдан" АЧнын элегаздык өчүргүчүнө профилактикалык көзөмөл жүргүзүп, 110 кВ "Шабдан" чубалгы ажыраткычына утурумдук оңдоо иштерин алып барууда. Ал үчүн Быстровка ГЭСинин электр куроочулары, слесарлары жана инженерлери оңдоо иштерине тартылды. Адистер 110 кВ АЧ өчүргүчүндөгү изоляторлорду чаңдан тазалап, электр ченөө жүргүзүп, релелик коргоо жана автоматика системасын текшеришти.

Жогорудагы жумуштардан тышкары Быстровка ГЭСинин жумушчулары станция имаратынын сыртын косметикалык оңдоодон өткөрүүдө.

Аткарылган жумуштар электр энергияны ишенимдүү иштеп чыгышына жана сапатынын жогорулатышына шарт түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн