Баткен районундагы өзбек-кыргыз чек арасында жайгашкан "Чечме" булагынын жанында кыргыз жараны бак отургузууга аракет кылган. Бирок өзбек чек арачылары келип аны токтотушкан. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди.
Видеодон байкалгандай, кыргыз жараны өзүнүн короосунда бак отургузуп жатса, өзбек аскерлери келип, жер талаштуу аймак экенин айтып токтотушкан.
Пикирлер (1)