"Дастан" ишканасынын башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшов үй камагына чыгарылды. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Бүгүн, 10-майда, анын баш коргоо чарасы каралган. Ширшов бүгүн коррупцияга шектелип кармалып, УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген эле.
"Биринчи май райондук сотунун токтому менен УКМКнын Тергөө боюнча башкы башкармалыгынын 10-майдагы сунуштамасы канааттандырылды. Ш.А.Ю. аттуу жарандын баш коргоо чарасы 2022-жылдын 26-майына чейин үй камагына чыгарылсын деп өзгөртүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн