Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Элдик курултай жөнүндө" мыйзам комитеттен колдоо тапкан жок

17.05.2022 13:12
991
"Элдик курултай жөнүндө" мыйзам комитеттен колдоо тапкан жок

Бүгүн 17-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитетинде биринчи окууда кызуу талкууланып, добуш берүүнүн жыйынтыгында кабыл алынган жок.


Негизги талкуу концепциядагы “жергиликтүү курултайлар” деген аныктаманын тегерегинде чыкты. Депутаттар Конституцияда бир гана “элдик курултай” тууралуу айтылганын, ар бир жергиликтүү бийлик деңгээлинде өзүнчө курултай уюштуруу туура эмес жана материалдык жактан кошумча жүк болорун айтышты.


Талкуудан кийин мыйзамды  4 депутат колдоду. Мындан улам төрага Медер Алиев кворум жоктугуна байланыштуу мыйзам долбоору биринчи окууда өтпөй калганын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн