Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"GALAXY" кафесинде чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

"GALAXY"  кафесинде чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү


"GALAXY"  кафесинде чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу С. Каралаев менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "GALAXY" кафесинен чыккан өрт саат 13:02де толук өчүрүлдү. Өрттүн болжолдуу жалпы аянты 400чарчы метрди түзөт. Бактыга жараша жабыркагандар жок. 


Ири өрттү өчүрүүгө 10:31ден тарта КР ӨКМнен жалпы 5 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу жеринде иш алып барыа, тилсиз жоо саат 11:47де чектөөгө алынган.


Мындан тышкары ИИМден 5 экипаж жана РЭТтен 1 бригада, Тез жардам кызматы тартылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 


Ошондой эле министрлик аталган кырсык боюнча кошумча маалымат берилерин белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн