Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

"Ишеним" жана "Ынтымак" фракциялары Баткенде жыйын өткөрөт

01.02.2022 17:17
364
"Ишеним" жана "Ынтымак" фракциялары Баткенде жыйын өткөрөт

«Ынтымак» жана «Ишеним» фракциялары биргелешкен көчмө жыйынын Баткен облусунда өткөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.


 Маалыматка ылайык, фракциялардын жыйыны 5-февралда Баткен облусунда өтөт.


Отурумдун күн тартиби:


1. «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы.

Баяндамачы: Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаев Абдикарим Карбекович.


Чакырылгандар: Финансы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Коргоо министрлиги, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги. 


2. Тажикстан Республикасы менен чек арада 2021-жылдын апрелинде болуп өткөн аскердик кагылышуунун кесепеттерин жоюу боюнча калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшү жана андан аркы эскалацияга жол бербөө.

Баяндамачы: Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаев Абдикарим Карбекович.

Чакырылгандар: Финансы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Коргоо министрлиги, УКМК, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги. 


3. Тажикстан Республикасы менен чектеш аймактардагы кырдаал.

Баяндамачылар: Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаев Абдикарим Карбекович; УКМКнын өкүлү. 


4. Ош облусунун Ноокат райондагы капиталдык ремонтко муктаж айрым автожолдорго байланыштуу маалымат. 

Баяндамачы: Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.


5. Бишкек – Исфана - Бишкек каттамы боюнча түз авиабайланыштар.

Баяндамачы: Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн