Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Кадастр" ишканасынын жетекчиси Сулайманбековго кылмыш иши козголду

28.05.2021 15:00
1232
"Кадастр" ишканасынын жетекчиси Сулайманбековго кылмыш иши козголду

"Кадастр" мамлекеттик мекемесинин директору Эрнест Сулайманбековго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «24.kg» агентиги өздүк булактарына таянып жазып чыкты.


Сотко чейинки өндүрүш Ысык-Ата районунун прокуратурасы тарабынан «Пара алуу» беренеси боюнча козголгону такталды. Тергөө иштерин УКМКнын Чүй облусу боюнча башкы башкармалыгы жүргүзүп жатат.


«Алдын ала маалыматтар боюнча, Эрнест Сулайманбеков жарандарга жер тилкесине мамлекеттик күбөлүк бергендиги үчүн 2 миң доллар алган. Андан кийин чиновник Ысык-Ата аймактык «Кадастр» бөлүмүнүн каттоо бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеген. Пара Кадастрдын директору Мырзабек Шамшиевге арналган. Айрым маалыматтарга ылайык, ага карата да тергөө иштери жүрүп жатат », — деп билдирди редакция.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн