Теке 06, 2024
Убакыт: 17:07
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

"Катар" кайрымдуулук уюму Баткенде жабыр тарткандарга 100 миң доллар бөлөт

11.05.2021 20:05
946
"Катар" кайрымдуулук уюму Баткенде жабыр тарткандарга 100 миң доллар бөлөт

"Катар" кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы кеңсеси чек ара жаңжалында жабыркаган Баткен элине гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.


Маалым болгондой, уюм тарабынан 2000 үй-бүлөгө 110 тонна азык-түлүк баштыгы, 4200 адамга ооз ачар баштыгы таратылды.


«Катар» кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы филиалынын директору Алсамман Мохамад Хомам Ахмад Самир жергиликтүү эл менен жолугуп, болуп өткөн окуяларга байланыштуу көңүл айтты. Ошондой эле сметалык баасы 100 миң долларга чейинки имарат куруп берүү ниетин билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн