Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 02:16
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

"Колуңду сындырып коём!", "Колуңдан келбейт!". Жогорку Кеңеште Ташиев менен Мадумаров айтыша кетти

02.06.2022 15:37
1067
"Колуңду сындырып коём!", "Колуңдан келбейт!". Жогорку Кеңеште Ташиев менен Мадумаров айтыша кетти

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев аткезчиликке каршы жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндама жасады.


Баяндама жасоо учурунда Ташиев айрым депутаттар өзүнүн кызыкчылыгы үчүн туура эмес маалымат таратып жатканын билдирип, депутат Адахан Мадумаров Лейлек районундагы "Кольцо" постунан барганда аны колдоп жүргөн адамдар аткезчилик менен алектенерин кошумчалады.


Өз кезегинде Адахан Мадумаров борбордук трибунадан сөз сурады. Бирок депутаттар сунушту колдобой койду.


"Камчы Мадумаровду жамандады. Мага сөз бербей койсоңор мен жаман көрүнүп калмак белем. Мен эч кимди маданиятсыз, тарбиясыз дей элекмин. Көрсөтөм!",- деди Мадумаров.


Ага жооп катары Ташиев: "Булар өлкөдө көтөрүлүш кылып бийликти алмаштырабыз деп жатат. Бизде оперативдүү маалыматтар бар. Колуңду кезебей сүйлө! Колуңду сындырып коём. Дагы жакшы өткөндө депутаттар макулдук бербей камалбай калдың. Мен болгонумда сен эчак камалмаксың" деди.


Адахан Мадумаров аны колуңдан келгенди жаса деп отурду.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн