Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Кумтөр боюнча түзүлгөн комиссиянын маалыматын угууну сунуштады.
"1-2 ай мурда баарыбыз"Кумтөр, Кумтөрдүн алтыны" деп калдык эле. Бүгүн баарыбыз унуттук.
Бул боюнча комиссия да түздүк. Комиссиянын төрагасын шайлап алгандан кийин орун басарын шайлайбыз деп канча ызы-чуу болдук.
Комиссиянын маалыматын угалы. Кумтөрдүн былтыркы алтыны эмне болду? Быйылкы 10 айдагы алтыны кайда? Шайлоочуларга ачык маалымат берилиши керек",–деди депутат Түлөбаев.
Пикирлер (1)