Тажик аскерлеринин агрессиясынан каза болгон 12 жаштагы Мадинанын апасы окуя тууралуу "Супер тв" каналына айтып берген.
Анын айтымында, окуя башталардан мурда алар бейкапар отурган.
"Менин кызым өз көзүм алдында орозо бойдон, оозунда келмеси менен шейит болуп кете берди. 2 кызым экөөбүз качып бара жатканда кызым окко учуп ошол жерде эле жатып кала берди. Кичине кызым экөөбүз жаракат алып, кайра үйгө келип, жараттарыбызды кичине болсо да таңып, өзүбүзгө жардам көрсөттүк. Кийин кошуна балдар келип чыгарып кетти",- дейт сыздап турган Нарбүү Хамдамова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн