"Уральские Авиалинии" компаниясынын Airbus 320 учагы "Манас" эл аралык аэропортуна авариялык абалда конду. Бул тууралуу Жол министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, учак Бишкек-Екатеринбург каттамы боюнча саат 14:00 дө учкан. Бирок 12 мүнөттөн кийин учактын ичинде түтүн байкалып, учак артка кайтууга аргасыз болгон.
Алдын ала маалымат боюнча эч ким жабыркаган эмес жана учактын бузулуу себеби текшерилүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн