Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 23:05
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

"Манас" аэропортунда Америкадан келген баасы 60 миң долларлык баңгизат табылды

"Манас" аэропортунда Америкадан келген баасы 60 миң долларлык баңгизат табылды


ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы УКМК жана Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте АКШдан “Марихуана” баңгизатын туруктуу негизде ташып келип жүргөн улуттар аралык кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту.


ИИМдин маалыматына ылайык, кылмыш-жаза кодексинин 285-беренеси (Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери, белгиленген буюмдардын аткезчилиги) жана 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында “баңги каражаттарын көзөмөлдөп жеткирүү”  боюнча атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн жүрүшүндө 25-январь күнү Бишкек шаарындагы ири дүкөндөрдүн биринин жанынан көзөмөлдөнгөн баңгизаттарды алуу учурунда эки жаран И.А. жана А.А. кармалды. 


Мындан аркы иш-чараларды жүргүзүүнүн натыйжасында,  кармалган жарандар  И.А. менен А.А. 2022-жылдын ортосунан баштап Telegram мессенджери аркылуу бангизаттарды саткан интернет-дүкөндүн уюштуруучулары экендиги аныкталган. Бул интернет-дүкөндүн 377 активдүү катталуучусу бар болгон. 


Сатып алуучулар тарабынан төлөм акылары ар кандай электрондук капчыктар аркылуу криптовалюта түрүндө жүргүзүлүп келген.


Белгилеп кетүү керек, бул баңгизаттардын партиясынын орто эсеп менен баасы  1 килограмм үчүн 30 000 АКШ доллары турат. Баңгизаттарды Кыргызстанга ташып келүү эл аралык почта компаниялары аркылуу жүргүзүлгөн.


Кармалган жарандардын биринин батирин баңгизаттарды сактоо жана таңгактоо үчүн интернет-дүкөн катары колдонушкан.


Тинтүү учурунда колдонууга даяр болгон баңгизаттардын бир бөлүгү, ошондой эле аларды сактоону, жашырууну андан ары ишке ашыруу үчүн идиштер табылып алынган.


Алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 2 килограмм 099 граммды түздү. Кармалган жарандар Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына 2 айга камалды.


Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн