Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 05:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Манас" аэропортунда ПЧР лаборатория күнү-түнү иштейт

23.06.2021 20:02
953
"Манас" аэропортунда ПЧР лаборатория күнү-түнү иштейт


 2021-жылдын 22-июнунунан баштап «Манас» эл аралык аэропортундагы COVID-19га анализди ПЧР-тест ыкмасы менен кабыл алуучу AMSBIO лабораториясы күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, ошондой эле аталган лаборатория «COVID-19суз саякаттайм» тиркемесинин мүчөлүгүнө кирди.


"ПЧР-тестти «Манас» аэропортунун 2 кабатынан тапшырууга мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.


Ошондой эле «Манас» эл аралык аэропорту» эгер чет өлкөгө учуучу жүргүнчүлөр «Манас» аэропортунан ПЧР-тест тапшырмак болушса, анда учуудан 4-5 саат мурда келүүлөрү зарыл экендигин эскертет.


AMSBIO лабораториясынын артыкчылыктары:


• Буга чейин КМШ өлкөлөрүндө жана Кыргызстанда жок заманбап жабдуулар жана реагент колдонулгандыктан, 100 % так жыйынтык берет.


• Заманбап жабдуулардын аркасында ПЦР-тест ыкчам режимде аныкталат: 1,5-2 саат үчүн (3499 сом) 4-5 саат үчүн (2399 сом).


• ПЦР-тестти «Манас» аэропортунан чет өлкөгө учуу алдында тапшыруу мүмкүндүгү. ПЦР-тесттин жыйынтыгы чет өлкөлөргө чыгуу, анын ичинде Россия Федерациясы үчүн жарактуу, анткени AMSBIO компаниясы КРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин аккредитациясынан өткөн.


• ПЦР-тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан же «Манас» аэровокзалынын 1 кабатынан 3 тилде чыгарылган ырастама иретинде алууга мүмкүн.


• Корей AMSBIO компаниясы Кыргызстанда лаборатория түйүндөрүн жайылтууну көздөөдө. Бул компаниянын ПЦР лабораториялык изилдөөлөрү акыркы муундун заманбап жабдууларын колдонуу жана импорттук реагенттердин жардамы менен өткөрүлгөндүктөн, COVID-19дун бардык түрлөрүн аныктайт. АКШ, Корея, БАЭ жана башка өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн