"Манас" жана "Ош" эл аралык аэропотторунун 50 пайыздык үлүшү түркиялык Nida компаниясына берилет. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.
Анын айтымында, аталган аба майдандарды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде иштетүүгө конкурс жарыяланып, бирок кызыкдар тараптар өкмөттүн шарттарына көнгөн эмес. Ошондуктан Nida менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө башташкан.
"Эки жылдын ичинде 501 миллион долларга чейин инвестиция салып, Бишкектеги жана Оштогу аэропорттордун учуп-конуу тилкесин үчүнчү класстагы деңгээлге жеткирип, жаңы аэробекет жана жүк терминалын сала турган болуп жатат. Бир-эки жуманын ичинде документке кол коебуз. Компания 24 айдын ичинде куруп бүтөбүз деп жатат. Бул компания Түркстанда 18 айда бүтүрөм деген аэропортун 11 айда бүтүрүптүр", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал президент Садыр Жапаров макулдашуу учурунда эгер 24 айдын ичинде иш соңуна чыкпаса салынган инвестициянын баарын өкмөттүн карамагына өткөрүү шартын койгонун белгиледи.
"Биз саясий чечимди кабыл алдык, азыр юристтер менен экономисттер меморандумду карап жатат. Бир-эки жумада чечилсе алар эки аэропортко бир киришет", — деди өкмөт башчы.
Жапаровдун айтымында, эгер шарттар толук аткарылса, аэропортторду башкаруу жана пайдасын алуу үлүшү 50/50 пайызды түзөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн