Бештин айы 11, 2024
Убакыт: 12:26
USD
86.65
87.15
EUR
91.20
92.20
RUB
0.845
0.900

"Майлуу-Суу лампа заводу" модернизациялоодон кийин качан ачылары белгилүү болду

20.11.2024 12:38
668
"Майлуу-Суу лампа заводу" модернизациялоодон кийин качан ачылары белгилүү болду


"Майлуу-Суу лампа заводун" модернизациялоо жумушунун жүрүшү талкууланды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурлан Эшматов, завод жетекчилиги жана директорлор советинин мүчөлөрү катышты.

Анда “Майлуу-Суу лампа заводу” ААКтын отчету угулуп, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 1 млрд сомдун сарпталышы тууралуу маалымат берилди. Каражатка заводду модернизациялоо, жаңы жабдыктарды сатып алуу сыяктуу бир катар иштер аткарылганы жана алдыдагы өндүрүштүк пландары айтылды.

Бакыт Төрөбаев модернизациялоо жумушун сапаттуу аткаруу зарылдыгын белгилеп, ишкана жогорку сапат стандарттарын жана өндүрүштүн натыйжалуулугун камсыз кылуу менен ишке толук кандуу кирүүгө тийиш экенин айтты. Ага катар заводдун жумушун жандантуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, толук оңдоодон өткөрүлгөн завод 2025-жылдын жаз мезгилинде ачылаарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, “Майлуу-Суу лампа заводу” ачык акционердик коомун модернизациялоо боюнча республикалык бюджеттен бөлүнгөн 1 млрд сом акча каражаты бөлүнгөн. Ага заводдун ишин жандантуу менен бүтүндөй республиканы светодиоддук лампалар, ошондой эле атамекендик өндүрүш ишканаларын сапаттуу айнек идиштери жана жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыздоо планы коюлган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн