"Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттиги жалпы кыргыз элин жана кыргызстандыктарды Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктайт.
Эгемен болуу ар бир өлкөгө же улутка бериле берген эмес. Тарыхта эчендеген улуттар, мамлекеттер өздөрүнүн көз карандысыздыгын жоготуп алган.
Жараткандын колдоосу менен баатыр аталарыбыз жана намыстуу апаларыбыз кыргыз элин тарыхтагы эң машакаттуу азаптарга карабай, өлкөнүн жана улуттун эгемендигин сактап келген.
Биздин милдет аталардын каны, энелердин көз жашы менен калтырылган аманатка бекем туруп, өлкөнү өнүктүрүп, келечек муунга өткөрүп берүү милдетибиз.
Ар бир кыргызстандыктарды дагы бир жолу редакциябыздын атынан Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы куттуктап, бакубат жашоо, өнүгүп өсүү, тазалык, бейпилдик, тынчтык жана ынтымак каалайбыз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн