"Интерньюс" эл аралык маалымат каражаты жарыялаган сынакта "Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттигинин журналисттери даярдаган видео сюжет эң мыкты деп табылды.
"Поколение без границ - Время возможностей" деген номинация боюнча, журналист Жайнагүл Талас кызынын "Сыноого сынбаган "президент кыз" аталыштагы сюжети жеңишке жетишкен. Видео материалда майып жеткинчек кыз тууралуу баяндалган.
"Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттигинин журналисттери дагы көптөгөн сынактарга катышууда. Тынымсыз мээнет ийгиликтин башаты. Кесиптештердин ишине ийгилик каалайбыз", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (1)