Бугу 17, 2024
Убакыт: 18:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

"Медиа центр" кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт

31.08.2022 07:44
375
"Медиа центр" кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт

Media center  мультимедиалык маалымат агенттиги кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын  Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгы менен куттуктайт.


Эзелтеден эркиндикти, адилеттүүлүктү жана  көз карандысыздыкты бийик туткан кыргыз эли мындан толук 31 жыл көз карандысыздыкка жетип, Кыргызстан эгемендүү республика катары жарыяланган. 


Көз карандысыздык эң зор байлык жана баалуу мурас. Анткени элибиздин эгемендиги үчүн кыргыздын нечендеген чыгаан уул-кыздары өз жанын садага чапкан.


Көз карандысыздык - бул өтө кастарланган, аяр аманат. Ата-бабаларыбыздын каны-жаны менен келген Эгемендикти келечек муунга татыктуу өткөрүү, өлкөбүздү гүлдөтүп-өркүндөтүү ар бирибиздин мойнубуздагы парзыбыз.


Кызыл түстүү туубуз түбөлүккө желбирей берсин. Көз карандысыздык күнүң кут болсун, сүйүктүү Кыргызстан!

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн