Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Мен депутатмын", "Президенттин түбүнө кошоматчылар жеткен". Балбак Түлөбаев менен Каныбек Иманалиев айтыша кетти

01.03.2023 16:02
544
"Мен депутатмын", "Президенттин түбүнө кошоматчылар жеткен". Балбак Түлөбаев менен Каныбек Иманалиев айтыша кетти

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Билим берүү жана илим министрлигине талапкер Каныбек Иманалиевди кызматка дайындоого макулдук берүү боюнча талкуу жүрүп жатат.


Жыйындын жүрүшүндө, депутат Балбак Түлөбаев: "Каныбек Иманалиев президенттик шайлоо алдында Садыр Жапаров президент болсо Түркмөнстан болобуз деп айткансыз. Азыр эмне дейсиз?", деген суроо салды.


Каныбек Иманалиев депутатка тема боюнча суроо берүүгө жана саясат жасабоого чакырды.


"Мен азыр депутатмын. Сиз эмессиз. Мен суроо берем, сиз жооп бересиз",- деди депутат Түлөбаев.


"Президент Садыр Жапаров өзү мени кызматка сунуштагандан кийин ал киши ичинде кеги жок экенин далилдеди.

Эми кошомат кылып президентке жагынгысы келгендер бар. Мына ошолор президенттин түбүнө жетет",- деди Каныбек Иманалиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн