Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 05:50
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

"Миллиондогон акчаларды карызга алып, шайлоодон өтпөй калгандар арам ойлорун ишке ашыргысы келип жатат",- Медер Алиев

30.11.2021 19:42
12609
"Миллиондогон акчаларды карызга алып, шайлоодон өтпөй калгандар арам ойлорун ишке ашыргысы келип жатат",- Медер Алиев

Ээ, таңгөрүү десе, заманың кургур. Угуп жакаңды кармайсың...

Канча деген депутаттыка талапкерлер үйлөрүн, машинелерин күрөөгө коюп, сатып, миллион деген акчаларды карызга алып, өтпөй калышып азыр ооруп ооруканага жатып калгандары бар экен. Күлкү эмес, ыйлай турган жагдай. Ошолордун кээ бирлери эми эптеп шайлоону жокко чыгарабыз дешип кара ойлорун ишке ашырабыз деп жатышыптыр. 

Бир региондо утулуп калган кандидаттар, өзүбүздүн кыргыздар экен, бир ынтымакка келише албай добуштар чачырап кетип эми ошол региондо жашаган башка улуттун өкүлдөрүнө силерге көргөзөбүз дешип жатышыптыр. Кыйраттыңар, шайлоодо утулсаңар башка улут күнөөлүүбү?

Өмүрүндө он кишинин добушун ала албаган, 30 жыл аралыкта саясатта жүрүп кыргызды азыркы акыбалга алып келген, элдин ишениминен эчак чыккан талапкерлер да жүрүшөт дейт ызылдашып добушум уурдалды дешип. 

Таңгөрү, шайлоонун шайтан оюну. Адамды айбан кылган шайлоо. 


Күтө туралы, дүрбөлөңгө алдырбайлы, кол менен эсептөө бүтсүн, бүт тараптар ошого катышсын. Баары мыйзам чегинде болсун. 


Урматтуу шайлоочуларым, сиздерге рахмат, таазим этем акчасы жок мени көтөрүп алдыңыздар. Кудай буйруса ишеничиңиздерди актайм. Ар бир берген добушуңуздар мага аманат, ар бирине күрөшөм, барктайм. Өзгөчө таасирленткен мага чалып, мени шайлайм деп күндүн суугуна карабай Бишкектен атайын башка регионго барып келген Бактыгүл апага рахмат. Сиздей тарапташтарымдын ар бириңиздердин добуштарын жерде калтырбайбыз. Баары мыйзам чегинде болсун.


Медер Алиев, Жогорку Кеңешке "Ишеним" саясий партиясынан талапкер

Пикирлер (31)

Коопсуздук коду
Гульмира
Биринчиден сизди куттуктайм , таза адал иштейт деп ишенем, ошондуктан сизди тандадым , мамлекетибиз онуккон мамлекеттин катарына болушун каалайм таза ак иштейм деген 10 адам болсо кыргызстанды которуп чыгат деген ишеним бар ишинизге ийгилик !!!
Тилек Джумашев Ысык-Кол
Медер, кут болсун элдин ишеничине ээ болдун, Эми ошол ишеничти баалап Эл учун кызмат кыл, чын ден соолукта бол, иштеринде дайыма ийгилик коштоп журсун.
Сталбек
Ушундай так иште Эл Шенди куттуктайм
Масурова Анара
Сиздин айканыңыз туура . Эл алары эл аларды көргүсүда уккусуда жок мен Баткенде туруп сизди шайладым Садыр Жапаровду дагын даканса колдоймун . Ошол көк мээлер өзүнүн ордун билип ажообузду колдоп элдин катарына кошулса болмок ,алар эмне айдын көзүн көрүптүрбү ,сиздерге ийгилик💋
ЗИЙНА ТОЛОБАЕВНА
Элдин ишеничин актайсын деп ойлойбуз. Ишине ийгилик!!!