Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:25
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

"Миллиондогон акчаларды карызга алып, шайлоодон өтпөй калгандар арам ойлорун ишке ашыргысы келип жатат",- Медер Алиев

30.11.2021 19:42
12618
"Миллиондогон акчаларды карызга алып, шайлоодон өтпөй калгандар арам ойлорун ишке ашыргысы келип жатат",- Медер Алиев

Ээ, таңгөрүү десе, заманың кургур. Угуп жакаңды кармайсың...

Канча деген депутаттыка талапкерлер үйлөрүн, машинелерин күрөөгө коюп, сатып, миллион деген акчаларды карызга алып, өтпөй калышып азыр ооруп ооруканага жатып калгандары бар экен. Күлкү эмес, ыйлай турган жагдай. Ошолордун кээ бирлери эми эптеп шайлоону жокко чыгарабыз дешип кара ойлорун ишке ашырабыз деп жатышыптыр. 

Бир региондо утулуп калган кандидаттар, өзүбүздүн кыргыздар экен, бир ынтымакка келише албай добуштар чачырап кетип эми ошол региондо жашаган башка улуттун өкүлдөрүнө силерге көргөзөбүз дешип жатышыптыр. Кыйраттыңар, шайлоодо утулсаңар башка улут күнөөлүүбү?

Өмүрүндө он кишинин добушун ала албаган, 30 жыл аралыкта саясатта жүрүп кыргызды азыркы акыбалга алып келген, элдин ишениминен эчак чыккан талапкерлер да жүрүшөт дейт ызылдашып добушум уурдалды дешип. 

Таңгөрү, шайлоонун шайтан оюну. Адамды айбан кылган шайлоо. 


Күтө туралы, дүрбөлөңгө алдырбайлы, кол менен эсептөө бүтсүн, бүт тараптар ошого катышсын. Баары мыйзам чегинде болсун. 


Урматтуу шайлоочуларым, сиздерге рахмат, таазим этем акчасы жок мени көтөрүп алдыңыздар. Кудай буйруса ишеничиңиздерди актайм. Ар бир берген добушуңуздар мага аманат, ар бирине күрөшөм, барктайм. Өзгөчө таасирленткен мага чалып, мени шайлайм деп күндүн суугуна карабай Бишкектен атайын башка регионго барып келген Бактыгүл апага рахмат. Сиздей тарапташтарымдын ар бириңиздердин добуштарын жерде калтырбайбыз. Баары мыйзам чегинде болсун.


Медер Алиев, Жогорку Кеңешке "Ишеним" саясий партиясынан талапкер

Пикирлер (31)

Коопсуздук коду
Ноокаттан Гулжан
Медер, алга!👍
Эргешкан
Ийгилик каалайм!!!Сенин билимдуу,жонокой,таза ,Эл учун куйгон жигит экенинди билдим.Сага ишенем,сен Эл учун иштейсин!Ооматынды берсин!!!Кыргыз элинин экономикасын которгуло,элдин ишенимин актагыла!!!
Камалдин
Кудай буйруп олкобуздо жакшы багыт.Антпегенде силердей жигиттер парламентке кайдан келмек.Сени шайлайм деп жургом , бирок акыркы моментте оюуму озгортуп башканы шайладым.Байкасам сенин колдоочун коп , созсуз депутат болот деп ишендим,ошондуктан дагы бир сендей чыгаан жигитти колдогум келди уй буломду да ошого угуттодум.Сендейлер парламентте коп болушун каалагам.Тилеке каршы ал отподу.Темпинен жазба,ийгилик болсун!
Куттубек Исаков
Медер карт бөрүлөрдөн сактан.Эл сага ишенимин артат.Ишеничти акта.Келечекте президент болушуңа тилектешмин.
Гульзат
Медер сага ишенимибиз абдан чон.Ийгиликтерин коп болсун.