Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов бүгүн, парламенттин жыйынында мурдагы президенттерди саткан чиновниктер кайра бийликтин партиясына кирип жатканын билдирди.
Анын айтымында, шайлоодон кийин башаламандык чыгышы мүмкүн.
"Шайлоодон кийин башаламандык чыгышы мүмкүн. Анткени мурдагы президенттерди саткан депутаттар кайра эле азыркы бийликтин партиясына кирип жатат.
Шайлоо таза өтүшү тууралуу Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясында да белгиледи",- деди Атазов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн