"Ош базарынын" жанындагы дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
10-ноябрь күнү Ленин районунун Бейшеналиева жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ӨКМнин бир өрт өчүрүүчү бөлүмү, ыкчам бөлүмү жана куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.
Өрттүн кесепетинен аянты 200 чарчы метр соода дүкөнү, ичиндеги азык-түлүк жана кийим-кечелери күйгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Өрт саат 22:26 чектөөгө алынып толук 00:02 өчүрүлдү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн