Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 21:21
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

"Шумкар" полкунун кызматкерлери Өзбекстанда өткөн мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту

10.06.2021 15:43
1067
"Шумкар" полкунун кызматкерлери Өзбекстанда өткөн мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту

Өзбекстан Республикасында өткөн чемпионаттарда ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полктун кызматкерлери байгелүү орундарды камсыз кылды. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы билдирди.


Үстүбүздөгү жылдын 3-10-июнуна чейин Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында спорттун самбо күрөшү боюнча Азия чемпионаты жана спорттун кармаш-уруш түрү боюнча Дүйнөлүк чемпионаты болуп өттү. Аталган чемпионаттарда ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери катышып байгелүү орундарды ээледи. Самбо күрөшү боюнча 88 кг салмакта 2-орунду милициянын старшинасы Бекбердиев Нурисбек Мадалбекович ээлеп, күмүш медалдын, ал эми 98 кг салмакта 3-орунду ээлеген милициянын улук сержанты Керимбеков Бекболсун Максатбекович коло медалдын ээси болушту. Спорттун кармаш-уруш түрү боюнча Дүйнөлүк чемпионатында полктун Бишкек шаары боюнча атайын операциялар отрядынын командиринин орун басары милициянын майору Жолбунов Алмаз Шаршенбаевич 90 кг салмакта 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды. Байгелүү орундарды камсыз кылган кызматкерлерге полктун командири милициянын полковниги Аскат Ишенбаевич акчалай сыйлык тапшырып, кызматкерлерге спорттук жетишкендиктерди жана күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткаруудагы тайманбастыкты каалады.  


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн