Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:14
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

"Токмок суу канал" ишканасынын жетекчисинин орун басары кармалды

27.06.2023 13:44
401
"Токмок суу канал" ишканасынын жетекчисинин орун басары кармалды


УКМК тарабынан Токмок шаарында “Токмок суу канал” ММдин балансында турган мамлекеттик мүлктү (чоң көлөмдөгү суу түтүктөрү) уурдоо фактылары аныкталды, деп билдирет аталган мекеменин басма сөз кызматы.


Тактап айтканда, “Токмок суу канал” ММдин директорунун орун басары А.А.A. баш болуп аталган мекеменин директоруна билгизбей ири суу түтүктөрүн сатуу боюнча коррупциялык схема уюштурулган. Ошол эле учурда, 2023-жылдын 26-июнунда козголгон кылмыш ишинин алкагында “Токмок суу канал” ММдин директору О.С.К.га пара берип жана муниципалдык менчикти сатууну жашыруу максатында 60 миң сом пара берип жаткан жеринен анын орун басары А.А.А. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мындан тышкары, А.А.А.нын унаасынан суу түтүктөрүн сатуудан түшкөн дагы 135 миң сом акча каражаты табылган.


Учурда аталган мамлекеттик мүлктү уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн