Бугу 06, 2024
Убакыт: 15:41
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

"Түндүк", "Ош", "Чыгыш" жана "Жалал-Абад" электр энергиясын таратуучу компаниялар бириктирилет

27.03.2022 07:46
520
"Түндүк", "Ош", "Чыгыш" жана "Жалал-Абад" электр энергиясын таратуучу компаниялар бириктирилет

Өлкөдөгү электр энергиясын бөлүштүрүүчү бир катар компаниялар «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсына кошулат. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-мартта «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКта акционерлердин кезексиз жалпы жыйыны өткөрүлүп, жыйынтыгында күн тартибиндеги төмөнкү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.


«Түндүк электр» ААКтын, «Чыгыш электр» ААКтын, «Ошэлектр» ААКтын жана «Жалалабатэлектр» ААКтын «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтына бириктирүү түрүндө кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алынды», - деп айтылат билдирүүдө.


Ошентип, «Түндүк электр» ААК, «Чыгыш электр» ААК, «Ошэлектр» ААК жана «Жалалабатэлектр» ААКты «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсына бириктирүү боюнча келишимдер бекитилди.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн