Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 400 миң сом айлык алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев билдирди.
Анын айтымында, Улуттук банктын башкаруучулугунун мүчөлөрүнө эмгек акы катары 2020-жылы 27 миллион 960 миң сом бөлүнгөн. Буга маяна жана башка бардык төлөмдөр кирген.
"Эгер бул сумманы башкаруучулуктун жети мүчөсүнө бөлүп эсептесек, айына 332 857 сом алып жатканы белгилүү болот. Буга иш сапар, жеке автоунааларынын чыгымдарын, айдоочуларынын маянасын, башкаруучулуктун мүчөлөрүнүн жана үй-бүлөсүнүн эс алуусу үчүн төлөнгөн акча кошулган эмес. Иш жүзүндө төлөнүп жатканын эсептесек, демек, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго айына 400 миң сомдой төлөнүүдө", — деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн