Нургүл Кермакунова Кыргызстандын "Улуттук антидопинг борборун" жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Н.Кермакунова (1969-жылы төрөлгөн) 4 жылдык мөөнөттөгү кызматына 21-августта киришкен. Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда билим алган.
Допингге каршы күрөшүү дирекциясы "Улуттук антидопинг борбору" Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдында түзүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн