Бугу 11, 2024
Убакыт: 01:47
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

"Вечерний Бишкектин" Kaktus.media'га доо арызы. Жогорку сот чечим чыгарды

10.11.2023 11:47
229
"Вечерний Бишкектин" Kaktus.media'га доо арызы. Жогорку сот чечим чыгарды


Жогорку Сот «Вечерний Бишкек» ЖАКтын Kaktus.media (ПФ ПроМедиа плюс) басылмасына каршы доо арызы боюнча  чечим чыгарды. Бул тууралуу Kaktus басылмасы билдирди.


Анда белгиленгендей, сот эки инстанциянын чечимин жарым-жартылай өзгөрткөн – журналист Дили Юсуповадан 500 миң эмес, 100 миң сом өндүрүү чечими кабыл алынган. Ал эми чечимдин калган бөлүгү өзгөрүүсүз калтырылган.


Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаардык соту «Вечерний Бишкек» басма үйү жабык акционердик коомунун Kaktus.media сайтына карата доо арызы боюнча чечим чыгарган. Сот айыпталуучулардан – «Кактус» журналистинен жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өзүнөн 1 миллион сомдон ашык чыгымды моралдык чыгым катары өндүрүүнү чечкен. Чечим Жогорку Сотко даттанылган.


Эске сала кетсек, сотко кайрылууга “Вечерний Бишкек” гезитинин жабылышы жана кызматкерлердин иштен алынышы тууралуу маалымат Kaktus.media сайтында жарыяланышы себеп болгон. Компания макалада басылманын жабылышы жана анын банкрот болушу тууралуу туура эмес маалымат берилген деп эсептейт. Компания төгүндөп берүүнү талап кылган. Алгач доонун суммасы 50 миллион сомду түзгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн