Бүгүн, 17-мартта, Жерүй кенинин аймагына кирердин алдында Талас облусунда митинг өтүп жатат. Бул тууралуу Kaktus.media сайты билдирди.
Катышуучулардын биринин айтымында, митингге кенден 5 км алыстыкта жайгашкан Кара-Ой айылынын тургундары чыгышкан.
"Митингчилер каражаттын бир бөлүгүн жакынкы айылдарга жумшоону талап кылышууда. Кендеги казып алуулардын зыяны ошол аймакта жашаган тургундарга тийгизет", - деди митингге чыккандардын бири.
Кенге бара жаткан президент Садыр Жапаров митингчилер менен сүйлөшүп, көйгөйүн укту.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн