"Золотые пески" пансионатында 36 жаштагы жаран чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
31 август күнү Ысык-Көл районунун, Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатында 1985-жылы туулган С. Д. аттуу эркек киши көлгө чөгүп кеткендиги туралуу маалымат түшкөн.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 3 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон жок.
Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 06:10до Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 4 суучул жана 1 офицер тартылган.
Кошумча маалымат берилет!
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн