"Золотые пески" пансионатында чөгүп кеткен 36 жаштагы жарандын денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
31-август күнү Ысык-Көл району, Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатында пляжындагы 1985-жылы туулган С.Д. атту эркек киши көлгө чөгүп кеткен.
Бүгүнкү күнгө чейин куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп келген.
Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ысык-Көл райондук ӨКБ№31, жалпы 7 куткаруучу тартылган.
Баланын жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылып туугандарына өткөрүп берген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн