Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 15:24
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Өткөн суткада Баткенде 7 медиктен коронавирус табылды

16.09.2020 11:40
1030
Өткөн суткада Баткенде 7 медиктен коронавирус табылды


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 16-сентябрдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, бир суткада Баткен облусунда 7 медициналык кызматкерден коронавирус табылды. 


Ал эми бир суткада ооруканалардан 6 медкызматкер жана үй карантининен 13 медкызматкер айыгып чыгарылган.


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3181 учур катталды, алардын ичинен 2729 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн