Аяк оона 24, 2024
Убакыт: 07:23
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Өтмүшү күмөндүү Аширбай Жусупов башкы ветеринардык кызматка талпынып жатабы?

21.07.2022 13:47
2852
Өтмүшү күмөндүү Аширбай Жусупов башкы ветеринардык кызматка талпынып жатабы?


Бизде басып өткөн жолу күмөн жаратып, чуулгандуу иштерге аралашкан аткаминерлер арбын кездешет. Алардын айрымдарынын былыгы коомчулукка калкып чыкса, көпчүлүгү унутулуп же көмүскөдө калып кетет. Мына ошондой категорияга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы ветеринардык кызматтын директорунун орунбасары Аширбай Жусуповду кошсок жаңылышпайбызбы? Окурман журтчулугунун алдына фактыларды жайып көрөлү.


Аширбай Бапович өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн ушул тармакта эмгектенүү менен өткөрүп келет. 2015-жылдын башында россиялык инвесторлор ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевге, парламент жетекчиси Асылбек Жээнбековго жана фракция лидерлерине, башкы прокурор Аида Саляновага кайрылуу жолдошкон. Кайрылууда 2008-жылы Кыргызстандын жараны Аширбай Жусупов менен Россиянын жараны Владимир Куливацкий биргеликте «Козу-Баглан» аттуу компания түптөшкөнү баяндалган. Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн чечимине ылайык, Жусупов ишкананын директорлугуна бекиген.


Маалымат каражаттарында жарыяланган кайрылууга ылайык (http://www.sayasat.kg/society-mobile/37604-chief-veterinary-inspector-of-the-cd-was-involved-in-a-scandalos-history-of-maniplation.html ), Аширбай Жусупов кыргыз мыйзамдарын жана эл аралык нормаларды одоно бузуу менен чалмакейди чалып, өзү документтерди жасалмалоого чейин барганы чынбы? Ал эми ал кездеги өлкө башчысына жолдонгон кайрылууда Жусуповдун аталган компанияга миллиондогон сом зыян келтиргени баса белгиленген.


Жогорудагы кайрылуунун андан кийинки таржымалы бизге белгисиз. Россиялык инвесторлордун үнү жогору жакка жетип, маселе акыйкат териштирилдиби же жокпу, аны так айта албайбыз. Ал эми Аширбай Баповичтин кылы кыйшайбай, 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо бийликчил «Биримдик» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанса, былтыр бир мандаттуу Лейлек шайлоо округунан парламенттик шайлоого ат салышкан. 2020-жылдагы шайлоонун аягы бийликтин алмашуусу менен жыйынтыкталганы жалпыга маалым.


Ушунун өзү Аширбай Жусуповдун кайсы бийлик болбосун тилин таап, ээрден түшпөй келатканын айгинелебейби? Эми дагы азыркы ордуна ыраазы болбой, өзү эмгектенген мекемеге директор болууга ашыгып, таасирдүү кишилерди ортого салып жатканы ыраспы? Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жусуповдун басып өткөн жолунан кабардар болду бекен? Кабардар болсо, аны жооптуу кызматка дайындайбы? Бул албетте убакыттын суроосу.


Биз Аширбай мырзанын өтмүшүндөгү бир гана окуяны мисал тарттык. Эгер ушул маселе боюнча пикирин билдирем десе, анын пикирине орун бергенге даярбыз. Калган кепти андан кийин дагы улайбыз…

Пикирлер (13)

Коопсуздук коду
Жылдыз
Коррупционер, Он не достоин
Айжан
Мен бул кишинин талапкердигине каршымын корупцанерге жол бербейбиз
Медер
Bul adam iwtese adamdardyn akchasyny jep ele juroberet semirip iwtei turgan jawtar kelsin orduna
Садык
Бул жакшы адам емес корупсанер
Идирис
Бундай алкаштар иштей албайт