Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:58
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Өзбек парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча мыйзам долбоорун ратификациялады

15.11.2022 07:54
633
Өзбек парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча мыйзам долбоорун ратификациялады



14-ноябрда Өзбекстандын парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрдү.


Жыйын палатанын "Ютубдагы" каналына жарыяланды. Документти парламенттин 100дөн ашык депутаты дароо үч окууда колдоду. Долбоор тууралуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов маалымат берип, чек ара боюнча сүйлөшүүлөр оңой болбогонун айтты.


“Кошуна мамлекеттер менен чек ара маселесинде сүйлөшүү оңой болбой жатат. Узакка созулган талаш-тартыш жана машакаттуу жолдор менен чек араны кадамдап өлчөп, бир канча жолу өкмөттөр аралык жолугушууларды өткөрүп, архивдик документтерди карап, ошондон кийин сунуштар даярдалууда. Урматтуу президентибиздин кошуна Кыргыз Республикасы менен өз ара достук алаканы бекемдөө жаатындагы демилгелеринин негизинде чечими табылбай жаткан 35 участканы, жалпы узундугу 302 чакырымды тактоо жараяны акыркы баскычка жетти. Бул келишимге жетүүгө беш жылдан ашуун убакыт короттук. Бүгүн силерге сунушталган мыйзам долбоору менен тастыкталып жаткан келишимге оңой жетишилген жок. Кол коюлган макулдашууда республикабыз үчүн стратегиялык мааниге ээ бир катар зарыл көйгөйлөр чечилүүдө”, - деди Абдулла Арипов.


Эми мыйзам долбоору Сенатка жөнөтүлөт.

Булак: "Азаттык"


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн