Sputnik V коронавирусуна каршы россиялык вакцина Өзбекстанда клиникалык сыноолордун үчүнчү этабынын жыйынтыгы боюнча сертификацияланды жана массалык түрдө колдонууга уруксат берилген. Бул тууралуу Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча республикалык атайын комиссиянын отурумунда айтылды.
Учурда Өзбекстанда 1 миллион доза вакцинаны сатып алуу чаралары көрүлүп жатканы кабарланууда.
Буга чейин жыл соңуна чейин Өзбекстан биринчи кезекте эмдөөгө муктаж болгон 4 миллион адамды эмдөөдөн өткөрүүнү көздөп жаткандыгы маалымдалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн