Өзбекстандык аскер афганистандык баңгизат ташуучулар менен атышта каза болду. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев Наманган эли менен үгүт иштеринин алкагында жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстан эч качан мыйзамсыздыкка жол бербейт.
"Кечээ Афганистандан баңгизат ташыган адамдар менен чек ара кызматынын аскери согушуп жатып каза болду. Афганистандагы кырдаал баарыбызга сабак болушу керек. Биздин чек арадан мыйзамсыз түрдө эч ким кесип өтө албайт",- деди Мирзиёев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн