Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 00:12
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Өзбекстандын Сенаты кыргыз-өзбек чек арасын ратификациялады

18.11.2022 19:47
707
Өзбекстандын Сенаты кыргыз-өзбек чек арасын ратификациялады

Өзбек парламенти - Олий Мажлистин Сенаты Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара чек ара боюнча келишимди жактырып, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды. Документти сенаторлор бир добуштан колдоду. Сенатта 100 сенатор бар.


Чек ара келишими тууралуу Эл аралык мамилелер, тышкы экономикалык байланыштар, чет элдик инвестициялар жана туризм боюнча комитетинин төрагасы Равшанбек Алимов баяндама жасады. Ал Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстан үчүн стратегиялык маанилүү объект экенин, чек араны тактоо келишими Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы буга чейинки талаштуу жагдайларга чекит коёрун белгиледи.


Сенат төрайымы Танзила Норбоева эки өлкө ортосундагы чек ара келишими көп жылдан бери чогулуп калган көйгөйлөрдү чече турганын айтты.


Өзбекстан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы 14-ноябрда келишимди эч кандай талашсыз жактырган.


Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды.


Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн