Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өзбекстанга 2,5 кг баңгизат алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Өзбекстанга 2,5 кг баңгизат алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Баткендин Айдаркен жергесинде 8-февралда жоокерлер мамлекеттик чек ара аркылуу наркотикалык каражаттарды алып өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынан билдиришти.


Чек арачылар кызмат өтөө учурунда Кыргызстандан Өзбекстанды көздөй мамлекеттик чек арага бара жаткан жаранды байкашкан жана чек арадан мыйзамсыз кесип өтүү аракетине бөгөт коюу максатында аны кармашкан. Колунда кармаган баштыкчасы бар болгон.


Текшерүү учурунда баштыкчанын ичинен өзгөчө жыты бар өсүмдүк заты, болжолдуу түрдө гашиш баңгизаты табылган, жалпы салмагы 2 кг 500 гр түзгөн.


Окуянын чоо-жайын тактоо учурунда кармалган жаран Өзбекстандын 27 жаштагы А.А.у. аттуу жараны экени белгилүү болду.


Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана баңгизаттар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн