Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 04:26
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Өзгөчө абал Орозо бүткөнгө чейин узартылышы мүмкүнбү? Эгерде узартылса, ал тууралуу качан жарыяланат?

29.04.2020 14:09
1225
Өзгөчө абал Орозо бүткөнгө чейин узартылышы мүмкүнбү? Эгерде узартылса, ал тууралуу качан жарыяланат?


Биринчи вице-премьер-министр жана Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубат Боронов "Өзгөчө абал Орозо бүткөнгө чейин узартылышы мүмкүнбү? Эгерде узартылса, ал тууралуу качан жарыяланат" деген суроолорго жооп берди.


“Бул жөнүндө азырынча айтуу кыйын. Анткени бул маселе мамлекеттик кызматкерлерден көз каранды эмес, бул бардык жарандардан жана эпидемиялык кырдаалдан көз каранды болот. Учурда бекитилген чектөөлөрдү карманып, өтө зарылдык жаралбаса, шаар ичинде жүрбөшүбүз керек. Бул биздин жарандык парзыбыз”, - деп жооп берген Боронов.


Эске салсак, өзгөчө абал режими Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылды. Ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал абалы күчүндө калды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн