Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:15
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Өзгөчө абал учурунда эмне кылуу керек?

25.03.2020 13:28
1077
Өзгөчө абал учурунда эмне кылуу керек?


Коронавирус пандемиясы күн өткөн сайын күч алып, адам баласынын жашоосуна өзүнүн чектөөлөрүн киргизүүдө. Кудум сырттан жоо бастырып келген сыяктуу дүрбөлөң түшүп эле жатып калдык. Дүкөндөрдө азык-түлүккө кезекке тургандар көбөйдү, доллардын курсу «илбирс секирик» жасап жиберди, банкоматтар бош калды, ээн-эркин басуу чектелди, медициналык препараттар дефицит болууда, коомдук транспорттор токтоду. Айтор, үнсүз согуш болуп жаткандай абал түзүлдү. Көптөгөн жеке компаниялар өздөрүнүн ишин токтотту, кызматкерлери «акы төлөнбөй турган» эс алууга чыгышты же үйлөрүндө иштеп башташты. Күнүмдүк оокат-ашына гана акча таап иштеп келген калктын көпчүлүк бөлүгүндө акча тартыш же өп-чап гана бар. Алар балдарын эртең эмне менен тамактандырам деген түпөйүл ойго батты. 


Биз бул аты жаман илдет Кытайдан чыгып, Европа мамлекеттерин аралай баштаганда мынчалык деңгээлдеги кризиске алып келет деп ойлогон эмеспиз. Тилекке каршы, глобалдуу кризис каптай баштады. Мындай убакта биз күнөөлүүлөрдү издеп отурбашыбыз керек. Андан көрө эми өзүбүздүн жашоо образыбызды өзгөртүүгө туура келет. Эми биз буга чейин жашап келгендей жашай албайбыз, бул катаал реалдуулук. Эми эмне кылуубуз керек?


Биринчи кезекте, сабырдуулукту сактоо зарыл. Дүрбөлөңгө түшүү, өзүнчө эле чабалактай берүү эч кандай жардам бербейт. 


Экинчиден, үй-бүлө мүчөлөрү менен кеңешип, күнүмдүк зарыл керектөөлөрдүн тизмесин түзүп, ашыкча чыгымдарды токтотуу абзел. Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү жоопкерчиликти сезиши шарт. Кимдин мүмкүнчүлүгү болсо, жападан жалгыз киреше булагын жоготуп, азык-түлүк тартыштыгына кептелип калган туугандарына, жакындарына, кошуна-колоңдоруна жардам кылсын. 


Үчүнчүдөн, эгерде кредиттериңер бар болсо, анда бул маселени кандай кылыш керек экендиги боюнча кесипкөй юристтерге кайрылгыла. Негизи бардык келишимдерде рыноктогу кырдаалга жараша кредиттин шарттарын кайра карап чыга турган пункттар бар. 


Төртүнчүдөн, эгерде сизде ашыкча акча каражаты бар болсо, анда аны бир нече бөлүккө бөлүп, бир бөлүгүн накталай жаныңызга алып, дагы бир бөлүгүн керек болгонго чейин депозитте калтырып, үчүнчү бөлүгүнө керектүүлөрдү алуу керек. Болгону бир нече жылга де пун менен тузду жыйып алуу таптакыр туура эмес. 


Бешинчиден, ойлонулбаган шашылыш сатып алууларды токтотуңуз. Акчанын орду туруп турат деп кандайдыр бир буюм сатып алуунун кажети жок. Балким, ал буюмдун баасы эки эсе арзандап кетиши мүмкүн. Мындай кырдаалдар буга чейин да болгон. 


Кризис шартында акча табуу кыйын, андыктан акчаны сарптоого шашылбаңыз. Жумушсуздук көбөйөт, буга да даяр болуу кажет. Эгерде сиз жумушуңузду жоготуп алсаңыз, ага да кайгырып, депрессияга алдырбаңыз. Башка варианттарды караштырыңыз, эң башкысы бул кризистен чыгып кетүү болуп саналат. Акчаңыз түгөнсө, жакындарыңыздан, дос-туугандардан карызга алып туруңуз. Бул дагы сиз жаңы жумуш тапкыча үй-бүлөңүздү камсыздап турууга жардам болот. 


Өкмөт да өз ишинин алгоритмин өзгөртүүсү зарыл. Бул абал дагы канчага созулары белгисиз. Андыктан баарын алдын-ала анализдөө, божомолдоо маанилүү. Эгерде бир нече айдан кийин кризис токтосо жакшы, эгер бир нече жылга созулуп кетсе эмне болот? Андыктан ар бирибиз жаңыча жашоого үйрөнүшүбүз абзел, жардамды сырттан күтүп отура бербей, өзүбүзгө таянып, башкаларга жардам кыла тургандай бололу. 


Кризис – бул кинодогу драма эмес, бул жашоо. Тагыраагы сыноо. Адам баласынын башына жер каймактагандан бери далай сыноолор берилген. Демек, андан татыктуу өтүү керек. Улуу Ата Мекендик согуш маалында, ачарчылык каптап турганда да адамдардан жеңиштин үмүтү үзүлгөн эмес. Үмүттү үзбөш керек. Жакшы тилек менен, бекем ынтымак, бири-бирибизге камкордук менен бул ооруну да жеңебиз буюрса.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн