Өзгөчө абалда кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлеринин маянасы 3 эсе көбөйтүлүп берилет. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңеште Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев айтты.
"639-токтомдун негизинде өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн кызматкерлер, наамына жана ээлеген ордуна жараша, иштеген күндөрү маянасы 3 эсе кошумчаланып берилет. Бул маселе боюнча Ички иштер министрлигинде атайын топ түзүлгөн, алар эсептерин чыгарып жатат. Өзгөчө абал бүткөндөн кийин Финансы министрлигине өткөрүп беребиз”, - деди Жунушалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн