Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратып, тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу тууралуу эскертти.
Алсак, 2022-жылдын 1-мартынан 3-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тактап айтканда, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 68-75-чакырымдарында, 89-101-чакырымдарында жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн