Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 14:19
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Өзгөндө 24 жаштагы жаран төрт балалуу келинди балталап салган

Өзгөндө 24 жаштагы жаран төрт балалуу келинди балталап салган


Ѳзгѳндө 24 жаштагы киши 28 жаштагы келинди балталап салган. Бул тууралуу Ош облустук ИИБден билдиришти.


Буга чейин соцтармак колдонуучусу Өзгөндө төрт баланын апасы өз короосунда балталанганы, балдардын кичүүсү бир жашта экени жазылган маалымат менен бөлүшкөн.


Облустук милиция бул маалыматка жооп кылып, кылмыш боюнча кабар 4-октябрь күнү түшкөнүн белгиледи.


"Ѳзгѳн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын тургуну 28 жаштагы К. М. аттуу аялды өзү жашаган үйдүн короосунда балталанган. Кылмышка кошунасы шектелүүдө. Кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деп айтылат милициянын маалыматында.


Кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалганы айтылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн