Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 18:30
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.010
1.050

Өзгөндө райондук электр тармагынын опузалап пара талап кылган кызматкери кармалды

18.02.2022 11:37
540
Өзгөндө райондук электр тармагынын опузалап пара талап кылган кызматкери кармалды

Өзгөндө райондук электр тармагынын опузалап пара талап кылган кызматкери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылынын тургуну Н.С. райондун прокуратурасына арыз менен кайрылып, анда райондук электр тармактары ишканасынын (РЭС) кызматкерлери электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн негизсиз акт түзүшүп, укук бузуу боюнча жазадан бошотуу үчүн пара талап кылып жатышкандыктарын билдирген.


Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин жыйынтыгында райондук электр тармактары ишканасынын кызматкери Р.А.Т. арыз ээси Н.С. аттуу жарандан опузалап талап кылган акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, Өзгөн райондук ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (“Опузалап пара алуу) менен кылмыш иш козголгон.


Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн