Бугу 08, 2024
Убакыт: 19:20
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Таабалды Тиллаев: Сох-Риштан жолу ачылбайт, анклавга коридор салууга жол бербейбиз

03.06.2020 12:49
16442
Таабалды Тиллаев: Сох-Риштан жолу ачылбайт, анклавга коридор салууга жол бербейбиз

- Таабалды мырза, кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек аралары бүгүнкү күнгө чейин такталбай, чыр-чатактар токтобой келет. Бул маселени чечүүгө биздин жетекчилерге эмне жетишпей жатат деп ойлойсуз?


-  Биринчиден, биздин өкмөттүн жетекчилери чечкиндүү болбой, тиешелүү органдар өз жумушун так аткара албай жатат. 30 жылдан бери топтолгон бул маселенин төркүнү баарыбызга эле маалым болуп калды. Ар кандай чыр-чатактардын чыгып кетишин билип туруп алдын албай жаткандай сезилип жатат. Анан дагы ачыктыктын жоктугу жергиликтүү тургундардын арасында түрдүү ойлорду жаратууда.

 

Мындан сырткары, өкмөт маалымат айдыңында утулуп жатат. Өзбекстандын премьер-министри Сохто эл менен жолукканда Сох-Риштан жолу ачылат деп айтты. Бирок, ЕАЭБдин талабы боюнча эл аралык статусу жок ал постту биз ача албайбыз. Муну кыргыз өкмөтү так, кесе айтып чыгышы керек болчу.



- Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Сохтун тургундары менен жолукканда коридор маселеси көтөрүлүптүр. Буга сиздин оюңуз кандай?


-      -  Ал сөздү мен да уктум. Мындай пикирди Сохто жашаган өзбек жарандарынын бири сунуш катары айтыптыр. Арипов мырза аны карап көрүү убадасын бериптир. Бул жөн гана сохтуктардын кыялы. Биз ага жол бербейбиз. Анткени, Кыргызстандын жеринин асты да, үстү да биздин менчигибиз. Ал эми кайсы жерден пост ачуу биздин өз ишибиз.

Канткен менен коңшулаш эл ынтымактуу жашашы керек. Анан дагы Сох Кыргызстандын ичинде жайгашкан анклав экенин эч ким унутпасын.

 

 

Пикирлер (25)

Коопсуздук коду
Асан
кыргызтандын ичинде сохко жол бербеш керек
Дияна
Колунан эч нерсе келбей эле,бир созун итогу жок эле бажылдай берет экенда
Патма
Кана эми сиз айткандай босо
Мамытов
Улукбек Кочкоров чечет. Чек ара маселесин. Баткенге облустар арасында не коп Акча каралсын. Баткен илме тешик Курт жеген боору болуп калды Кыргызстан дын. Тез даарылабаса арты оор болуп калат
Айдаров Султанбек
Эч качан коридор берилбейт сох Кыргызстандын ичинде жайгашкан анклав!!!!!Кыргызстандын 1 см метр жери эч кимге берилбейт жер ээси кадырлуу сыйлуу кыргыз элим!!!!!