Бугу 13, 2024
Убакыт: 00:25
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

13 жаштагы кызды зордуктаган жаран сот залынан бошотулду

13 жаштагы  кызды зордуктаган жаран сот залынан бошотулду

Тоң районунун судьясы Сабыр Соодонбеков Ысык-Көлдө 13 жаштагы кызды зордуктаган айыпталуучуну толугу менен актап, сот залынан бошоткон. Бул тууралуу өспүрүмдүн туугандары билдирген.


Туугандарынын айтымында, алар соттун өкүмүнө нааразы.


Адвокат Айнура Осмонованын айтымында, ал сот ишине катышып жатып, үч шектүүнүн чогуу эмес, өзүнчө иликтенип жатканына таң калган.


Бүгүн, 2-декабрда, Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбеков 25 жаштагы К. уулу. Жны актады. Ал 13 жаштагы кызды зордуктоонун уюштуруучусу болгон, аны сот залынан бошотуп жиберген”, – деп жактоочу нааразы болду.


Ал кошумчалагандай, калган айыпталуучулар, 25 жаштагы С. уулу Э. жана 45 жаштагы К.У., соттордун өкүмдөрүн күтүп жатышат, анткени алардын иштери өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.


13 жаштагы кыздын агасы Талант Байсеитовдун айтымында, судья Сабыр Соодонбековдун өкүмү аларды таң калтырды.


Биз сот ишин жүргүзөбүз жана соттун өкүмү менен макул эмеспиз. Прокурорлор 15 жылга эркинен ажыратууну суранышты, ал эми К. уулу Ж. толугу менен акталып, бошотулду”, – деди Байсеитов.

Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Кылыч маткаримов
Бизде сотторду жойуп ,самосуд кылып эле сотторду кошуп зордуктап койуш керек.
Тайгараев Таштанбек
Ушундай соттор көп мыйзамды бурмалап ыңгайына келтирип керектүү сумманы алышат көзөмөл жок кыргызда "энеңди казы урса кайда барасың' дегендей