Кыргызстанда дагы 16 медицина кызматкери COVID-19 вирусун жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында айтты.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен 9 медкызматкер Бишкек шаарында, Ош облусунда - 4, Ош шаарында - 2, Баткен облусунда - 1. Муну менен илдетке чалдыккан медицина кызматкеринин жалпы саны 79 адамга жетти.
Эске салсак, 12-апрелге карата 12 дарыгер вируска кабылган болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн