Бугу 13, 2024
Убакыт: 07:23
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

29-апрелдеги миномёттон аткылагандан кийин "Головной" участкасынан жергиликтүү тургундардын 25 сөөгү табылды, - ИИМ

29-апрелдеги миномёттон аткылагандан кийин "Головной" участкасынан жергиликтүү тургундардын 25 сөөгү табылды, - ИИМ


Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагынын "Головной" участкасында минометтон кийин жергиликтүү тургундардын 25тен ашык сөөгү табылды (так саны такталууда). Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Массалык өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.


Миномёттук чабуул 29-апрелде жасалган. Алар өлтүрүлгөн 34 кыргызстандыктын катарында.


Буга чейин маалымат жыйында жаңжал учурунда Кыргызстандын 34 жараны каза болгондугу, алардын көпчүлүгү окко учуп көз жумгандыгы маалымдалган.


Мындан сырткары Лейлек районундагы 12 жашар кыздын миномёттун огунан курман болгондугу, жөнөкөй тургундардын унааларын аткылаган фактылары боюнча кылмыш иши козголгон.


Жалпы 11 кылмыш иши козголду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн